Билип ал

Ар бир эркек каалаган айым кандай болот? 4 сапат

Кээ бир аялдар эркектерди өзүнө тартып турушат. Аларды ар бир эркек өзүнүкү кылгысы келет. Кандай аялдарды эркектер каалашат?

Акылдуу

Ооба, дал ушул аялдык сапат эркектерге көбүрөөк жагат. Алар акылсыздарды жактырбайт дегенди билдирбейт. Өзүнө ишенген чыныгы мырзалар дал ушундай айымды өнөктөш катары тандап алат. Татыктуу эркек өзүнө ылайыктуу аялды тандайт.

Өзүнө караган айымдар

Сырткы көрүнүш маанилүү. Жан дүйнөңүз абдан сулуу болсо дагы, кызыктуу адам болсоңуз дагы, алар сиздин келбетиңизге биринчи кезекте карашат. Модель айымдардын параметрлерине ээлик кылуунун кажети жок. Өзүңүздү жагымдуу көрсөтүп, өзүңүзгө кам көрүп, кемчиликтерге эмес, артыкчылыктарга көңүл буруу жетиштүү. Албетте эркектер сырткы келбетке биринчи көңүл бурушат.

Боорукер

Мээримдүүлүк, боорукерлик адамды, айрыкча аялды көркүнө чыгарып турат. Мырзалар айымдардан боорукерликти, мээримдүүлүктү күтүшөт. Агрессивдүү аялдар эч качан эркектерди кызыктырган эмес.

Назик аял заты

Дагы бир мыкты сапат – назиктик. Назик, сезимтал жана камкор. Эркектерди акылдан адаштыра турган аялдын негизги сыры ушул. Гүлдөй назик айымдарды ар бир эркек өзүнүкү кылгысы келет.

Яндекс.Метрика