Видео Жаңылыктар

Ар жекшемби митинг өткөрүп келген кыймылга карата куугунтук башталды

«Баштан башта» аталыштагы жарандык коомдун лидери Улан Үсөйүн аларга карата бийлик тарабынан куугунтук башталганын айтып чыкты.

Ал өзүнүн баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырып, видео жүктөгөн:

«Кече күнү биз интенсивдүү курс өткөргөн мейманкананын фойесинде атайын кызматтын кызматкерлери отурушкан. Алар ал жерде бир топ убакыт болушту да, андан кийин акырын кетип калышты.

Ал эми бүгүн болсо укук коргоо органдарынын кызматкерлери тренинг өтүлүүчү бөлмөгө кирип, огуп отурууну суранышты.Биз укук коргоо кызматынын элди коргоого багытталган иштерин колдойбуз. Тынчтык жүрүштөрдө алар ар дайым провокацияга жол бербөө үчүн бизди коштоп жүрүшөт.

Алар бизге бир нече жолу жардам беришти.Бирок, бүгүнкү болгон окуяны саясий себептерден улам биздин активдүү жарандык позициябыз үчүн куугунтуктоо деп эсептейбиз. Бизге, ошондой эле Сания Токтогазиевага психологиялык басым жасоо аракеттери биздин укуктарыбыздын жана эркиндиктерибиздин бузулушу деп эсептейбиз!Биз мыйзамдуулукту сактоо үчүн күрөштү улантабыз»

Эске салсак бул кыймыл 2020-жылдын ноябрь айынан баштап ар жекшемби күнү «мыйзамдуулук» аттуу тынчтык маршын өткөрүп келет.

Яндекс.Метрика