Жаңылыктар

Араванда 63 жаштагы киши зордуктаган 15 жашар кыз көз жарды

Араван районунда 15 жаштагы кыз төрөдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Кыз 2020-жылы зордукталгандыгы такталды. Өспүрүм чоңдорго болгон окуяны айтуудан корккон.

Иллюстрация

«Алдын ала маалыматтар боюнча, кызды 63 жаштагы айылдашы зордуктаган. Кызы кош бойлуу болгонун апасы былтыр ноябрь айында, төрт айлык кезинде билген. Май айында ал уул төрөгөн. Факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “16 жашка чейинки адам менен сексуалдык аракеттер” беренеси боюнча катталган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, тергөөдө өспүрүмдү 63 жаштагы кошунасы зордуктаганы аныкталган. Ал киши кызды коркутуп салгандыктан ал эч кимге айтпай жүргөн.

Окуя 2020-жылдын 20-августунда Чек-Абад айыл аймагындагы пахта талаасында болгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилген, бирок Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарды», — деп билдирди ШИИБ.

Яндекс.Метрика