Кызыктуу

Арстан Алай: «Быйыл жай болбойт!»

Арстан Алай кайрадан коомчулукка өзүнүн ойго сыйбаган божомолдорун айтып чыкты. Жарыктык мекендешибизди бүтүндөй дүйнө коомчулугу оригиналдуу ой-пикирлери үчүн баалап атышса керек. Кызыгы, бүгүн Арстан Алай кайрадан оюн айтып чыкты, бул жолу жай болбосун айтты.

«Быйыл жай болбойт! Былтыр жылдагыдай жай болгон эмес, күз сымал гана болуп турду. Эми быйыл жай болбойт, Кыргызстандын аймагында кыш гана болуп турат. Периштелер түндө келип жай болбосун даана айтып кетишти» — деди ал өз сөзүндө.

Чын эле быйыл кыргыздын аймагында жай болбой турганын ынанымдуу айтууда. Эң башкысы, жан дүйнөбүздө жай болуп турса болду, ал эми жылы бою кар жаагандын кимге кереги бар?

Арстан мырза дал ошол ички дүйнөбүздү тазартууга далбас уруп жүрсө, биз түшүнбөй тетири кеттикпи?
Бугун, 1-апрель эл аралык күлкү күнү. Биз дагы четте калган жокпуз)) бир жылмайып коюңуз…

Яндекс.Метрика