Жаңылыктар

Асел үйүнө чыгаары менен инстаграмына жарнама чыгарды

Ырчы Асел Кадырбекованын жол кырсыгына кабылганын ар бир кыргыз билсе керек.
Асел оруканадан үйүнө чыгарылгандан кийин өзүнүн инстаграмдагы баракчасына чыгарган эң алгачкы посту өзүнүн сулуулук салону тууралуу жарнама болду. Буга анын катталуучулары нааразы болуп терс комментарийлерди жаадырып жаза башташты. «бүт кыргыз эли жакшы болуп кетсе экен деп дуба кылып жатса, элге ыраазычылык билдирип койгондун ордуна салонду рекламалап жатышат» деген өңдүү пикирлер жазылды.

Буга чыдай албаган Аселдин апасы Дилбар Монокбаева өзүнүн баракчасы аркылуу элге кайрылып буларды айтты: «Асел азыр телефон карап бир нерсе жаза турган абалда эмес, анын инстаграмына жарнаманы мен чыгарып жатам, ал биздин салон аны мен иштетем, жарнама болбосо иш артка кетет ошондуктан чыгардым. Аселдин дарегине жазылган жаман пикирлерди окуп аябай жүрөгүм ооруду. Баласынын оорукчан болушун эч бир ата-энеге каалабайм.»

Асел апасы менен
Яндекс.Метрика