Аспековдун иниси: «Агамдын бир тал чачы түшсө башыңар менен жооп бересиңер!»
Январдан бери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган активист Мелис Аспековду Бишкектеги Биринчи май райондук соту №1 тергөө абагына которуу тууралуу чечим чыгарды.
Атайын кызмат 14-майда активист Мелис Аспековго Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен экинчи кылмыш ишин козгоп, тергөөчү №1 тергөө абагына которуу тууралуу сотко өтүнүч келтирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, Мелис Аспеков 2016-жылы бир жарандан батир алып, акчасын бербей койгон.
Аспековдун бир тууган иниси Азамат Аспек уулу видео кайрылуу жасады. Анда ал №1 тергөө абагы кандай экенин айтып, эгер агасынын бир тал чачы түшсө азыркы бийлик жооп бере турганын айтты.
Видео:
Айыпталуучунун адвокаты Сергей Манукян Мелис Аспековдун Бишкектеги №1 тергөө абагына которулушуна негиз болгон иш 14-майда козголгонун айтууда.
Ушул күнү Аспеков “Фейсбуктагы” баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.
Аспеков анын 1 миллион долларын Чүй өрөөнүндөгү үгүт иштерине коротконун, акчаны Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ага өз колу менен бергенин билдирген.