Ассоль Молдокматова үйлөнүү тойго деген акчасын Баткенге бермей болду
Кыргыз элинин активдүү жараны Ассоль Молдокматова үйлөнүү тойго деп чогулткан акчасын Баткенге жардам катары бере турган болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Биз Бекназар экөөбүз чоң той өткөрүүдөн баш тартып, 3500 долларды Баткен элинин керек-жарак алуусуна берели деп чечтик. Абал тынчыган соң 30 адамдык тойчук кылып койобуз»-деп жазган Ассоль.

Буга ччейин Молдокматова өзүнүн сүйүктүүсү Бекназар аттуу адамга турмушка чыга тургандыгын жарыялаган.