Саясат

Асылбек Жээнбеков кайсы партия менен шайлоого бараары белгилүү болду

Бийликчил партиялар кайсылар экени айдан ачык эле белгилүү болуп калды окшойт. Алар: «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик».

БШК документтерди кабыл алууну токтотту. Шайлоого аттанчу партиялардын талапкерлер тизмеси анча мынча өзгөргөндөй болду. «Биримдик» партиясы 200 талапкердин тизмесин берген, арасында бир топ белгилүү адамдар бар. Бул бийликтин партиясы деп, Жээнбековдордун үй-бүлөсү менен да байланыштырып келишкен. Бул айтылган кептер ачыкка чыкты көрүнөт Президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков бул патрияда 27-орунга жайгашкан.

Тизмеде учурдагы депутаттар дагы бар:

Торобай Зулпукаров

Евгения Строкова

Гульшат Асылбаева

Айнуру Алтыбаева

Айнура Осмонова

Марат Аманкулов

Улан Примов

Азамат Арапбаев

Айбек Алтынбеков

Бакирдин Субанбеков жана вице-спикер Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Аида Исмаилова дагы бар. Булардын көпчүлүгү убагында Атамбаедвин «КСДП» партиясы менен шайланып келишкен.

22-катарда элге гимнди ырдай албай калып таанымал болгон Пархат Тулендыбаев дагы бар.

Алдыңкы топ 20:

1. Акылбек Жамангулов

2. Улукбек Кочкоров

3. Төрөбай Зулпукаров

4. Евгения Строкова

5. Талас Бегалиев

6. Улан Бакасов

7. Сухбатила Мирзаев

8. Аида Касымалиева

9. Талантбек Иманов

10. Гүлжигит Жумаев

11. Марат Аманкулов

12. Нуржан Тынымсеитова

13. Айбек Алтынбеков

14. Илгиз Капаров

15. Бакирдин Субанбеков

16. Нурзат Осмонова.

17. Улан Примов

18.  Каныбек Туманбаев

19. Азамат Арапбаев

20. Бурун Аманова.

Яндекс.Метрика