Саясат

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров 2 айга камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Мындай чечимди 31-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. УКМКнын маалыматына ылайык, депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.

Соттон кийин Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов депутатка коюлган айыпка макул эмес экенин билдирди.Эки эл өкүлүнүн баш коргоо чарасы каралып жаткан учурда сот имаратынын алдында алардын ондогон тарапкери чогулуп, бошотууну талап кылып турду.

Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда атайын кызматка сурак беришкен.Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

Ал эми Төрөбай Зулпукаров Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

31-майда УКМК «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысына байланыштуу мурдагы жогорку кызматтагы адамдар кармалганын маалымдаган.

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев камалды.

Яндекс.Метрика