Жаңылыктар

Асынып алган. Кадыр Жарматовдун келинчегинин өлүмүнүн чоо-жайы

Буга чейин Тамашоучу, актёр Кадыр Жарматовдун келинчеги Каныкей Саматова каза болгону айтылган.

Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы бүгү төмөнкүдөй маалымат таратты.

Кечээ, 22-апрель күнү Кара-Суу районунда 32 жаштагы келин өз үйүндөгү гаражга асынып каза болгон.

Маалым болгондой, кечээ саат 13:10 чамасында Кара-Суу РИИБге райондун Ишкаван айылында белгисиз аял өзүн-өзү асып каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат Кара-Суу РИИБде катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

Иликтөө учурунда 32 жаштагы С.К. аттуу келин үйүнүн жанындагы унаа токтотуучу гараждын ичиндеги темир тосунга жоолук менен асынып каза болгондугу аныкталган.

Анын 33 жаштагы жолдошу жана жакын туугандары эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Маркум келиндин артында 3 уул, 1 кызы калды.

Эмне себептен асынып алгандыгы тууралуу маалымат жок.

Яндекс.Метрика