Окуялар

Ата-энем жигитиме бербей жатышат, жатып койгонумду кантип айтам

-Саламатсыздарбы, бул жазып жатканым жашыруун болсунчу сураныч, жашым 19да жигитим менен сүйлөшкөнүбүзгө 1 жыл болуп калды, ата-энем «ал балага сени бербейбиз»  деп жатышат, сөздөрүнө бекем туруп жатышат, бизди үйлөндүрбөй тургандай болуп калды ошкшойт. Бирок биз бири-бирибизди аябай катуу сүйөбүз , мен ансыз бир дагы күнүмдү элестете албайм. Ал иштебесе да мен үчүн баарын кылат курсагымды тойгузат кийиндирет.

Биз экөөбүз 1ай мурда жатып алганбыз. 3, 4 күндө жолугуп бир жатып турабыз, же ошол үчүн сүйөбүзбү бири-бирибизди эч түшүнбөйм, өзүм да сүйлөшпөй эле койоюн десем эч эле аны кыйып кете албайм, ал кызгана берет, жада калса урушуп кеткенде уруп койот, бирок кайра эле кечирим сурап жалдырап келет кечирип алам.

Ага турмушка чыгып алсам жашап кете алабызбы? Боюмда болуп калса кантем, ата-энеме бул боюнча кантип айтсам болот, коркуп жатам. Эмне кылышты билбей калдым. Же бул жөн гана убактылуу сүйүүбү билбейм, бирок биз бирге жатып койдук. Өкүнөм абдан, туура эмес иш кылганыма. Башка менен жашашты элестете албайм бирок. Ата-энем тийбейсиң деп жатышат. Жакшы кеңеш берип коюңуздарчы? Аноним

Яндекс.Метрика