«Ата Мекен» партиясындагы Ким Ин Сен деген ким?
«Ата Мекен» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган Ким Ин Сенге элде кызыгуу жаралып «бул ким?», «кытайбы?» деген суроолор жаралууда.

Партиянын 14-катарында турган бул корей улутундагы Кыргызстандык болуп саналат. Кыскача айтканда «чириген бай». Бажы кызматынын полковниги. 10 жылдан ашуун бажы кызматында иштеп келген.
Ал 1978-жылдын 7-сентябрында Фрунзе шаарында туулган. Казань шаарындагы Суворов аскердик окуу жайында жана Кыргыз улуттук университетинде билим алган.
Tazabek сайтынын изилдөөсүндө ал 1993-жылдан 2011-жылга чейин 38 миллион 500 миң сомго кыймылсыз мүлк сатып алган. Өлкөдөгү эң бай бажычылардын катарын толуктайт.
«Ата Мекен» партиясы бул инсанды акчасына кызыгып кошуп алган көрүнөт.