Жаңылыктар

Атабеков Бишкекти каптаган ыштын айынан үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти

Ырчы Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен эмне үчүн өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу кечээ, 4-январда ырчынын жубайы Мээрим Төлөпберген өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.

“Бизди эч ким коркутуп же үркүткөн жок! Биз өлкөдөн менин жеке иштерим боюнча чыгып кеттик. Мирбек Бишкектеги кара түтүндөн качат. Акыркы 3 жылдан бери биз жаңы жылга чейин же андан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылабыз. Анткени ушундай жол менен гана Мирбектин катуу жөтөлүн токтотуу мүмкүн”, – деп жазган ырчынын жубайы.

Эске салсак буга чейин «Атабековго куугунтук болуп өлкөдөн чыгып кетти» деген сөздөр айтылган. Ал өткөн жылы 5-октябрдагы митингде Сооронбай Жээнбековдун бийлигине, шайлоонун жыйынтыгына каршы ойлорун айтып, аянттагы митингдерге катышкан.

Яндекс.Метрика