Жаңылыктар

Атамбаев №47 абакка которулмай болду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин №1 тергөө абагынан №47 колонияга которула турган болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы атайын комиссиянын 27-октябрдагы отурумунда ушундай чечим кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК тергөө абагында отурган Атамбаев №1 тергөө абагына бир күн мурда которулган. Адвокат Замир Жоошев аны мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жер төлөдөгү шарты жок камерага отургузушканын, ал ачкачылык жарыялаганын, ушундан улам абалы начар экенин айтып, Атамбаев кылдат жана толук дарыланууга муктаж экенин билдирген.

ЖАМК жактоочунун бул билдирүүсүн четке кагып, мурдагы президент жалпы режимдеги камерага отургузулганын маалымдаган.

Яндекс.Метрика