Атамбаев: 30 жыл болсо дагы отурууга даярмын
Бүгүн 7-август мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы чуулгандуу окуяларына 1 жыл болду.
Буга байланыштуу депутат Ирина Карамушкина ага жолугуп чыгып анын кайрылуусун жарыялады.

«Атамбаев аягына чейин күрөшөт, керек болсо 30 жыл абакта отурууга даяр. Мамлекетке атайлап эч кандай зыян келтирген жок, ал өлкөнү өнүктүрүү үчүн биометрияны, санариптештирүүнү алып келген, тилекке каршы аягына чыгара албай калган. Сооронбай Жээнбеков анын иштерин улантат деп үмүттөнгөн. Бирок андай болгон жок, Жээнбеков башка жолду тандап кетти.
Ал 1 жыл абакта жалгыз отурганына окүнбөйт, көп нерсеге башкача көз караш менен карап калды, жакындарын жана кыйынчылыкта сатып кетпеген адамдарды баалап калды.
Шайлоого аз калды жакшылап ойлонуу керек, мындан ары эмне болот? Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөбү? Элдин бийликке болгон ишеними жогорулайбы?»

Кайрылууну Ирина Карамушкина социалдык баракчасына жазды.