Кызыктуу Саясат

Атамбаев: «Чыккынчылык кылган Соке менен такташуу үчүн бул жерден чыккым келет»

Адам узак мөөнөткө эркинен ажыратылса албетте адамдын инсандык сапатына таасир этет. Бул экс-президент Алмазбек Атамбаевге дагы тиешелүү. Ал СИЗОдо кантип убакыт өткөрөт жана кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрүн тергөө абагынын кызматкерлеринин бири VB.KG порталына айтып берди. Ал өзүнүн аты-жөнүн жарыялабоону суранды.

Анын айтымында, СИЗОнун күзөтчүлөрү Атамбаевге жакшы мамиле кылышат.

  • «Албетте, бул жөнөкөй адам эмес, экс-президент экендигин түшүнөбүз. Ал тергөө абагынын кызматкерлерине аябай жылуу мамиле кылат. Биздин иштерибизди, ден-соолугубузду дайыма сурап турат.»

Атамбаев кандай жакшы маанайда болбосун аны менен сүйлөшкөндө аны дайыма бир гана ой курчап турат.

  • «Башка эч нерсенин кереги жок. Бир гана нерсе, мен биздин достукка чыккынчылык кылган Соке менен такташуу үчүн бул жерден чыккым келет», — деп экс-президенттин айткандарын айтты.

Буга чейин, криминалдык авторитет Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин кайра каралышына байланыштуу, мурунку мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев №47 абактан УКМКнын СИЗОсуна которулган.

Яндекс.Метрика