Жаңылыктар

Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен эмне себептен урушуп кеткенин айтып берди

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев сотко алынып келинди. Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов да жеткирилди.

Алмазбек Атамбаев да бүгүн журналисттер менен сүйлөшүүнү чечти. Ал экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен эмне үчүн урушканын айтты. Анын айтымында, бул Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун айынан болгон.

«Сапар Исаков Райымбек Матраимовду кызматтан алгандан кийин Сапар Исаковго карата куугунтук башталган. Мен дайыма Сокеге (Сооронбай Жээнбеков) айтчумун – менин ичимде эмне бар болсо тилимде да ошол болот», — деп айтты соттолуучу.

2020-жылдын 5-6-октябрында Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого каршы митингдер өттү. Андан кийин тополоң башталды. 6-октябрда коомчулуктун басымы астында БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аргасыз болгон. Бир нече соттолгон саясатчылар колониялардан бошотулган.

9-октябрда Алмазбек Атамбаев, анын тарапташтары, Өмүрбек Бабанов жана башкалар кезектеги митинг жарыялашкан. Аянтта Садыр Жапаровдун тарапташтары менен мурдагы мамлекет башчынын ортосунда мушташ чыкты.

Кийинчерээк УКМК менен Ички иштер министрлиги алардын көбүн, анын ичинде Алмазбек Атамбаевди, активист Темирлан Султанбековду, Фарид Ниязовду, Канат Сагымбаевди, Курсан Асановду камакка алган. Айрымдары ушул күнгө чейин камакта. Калгандарынын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Учурунда мурдагы мамлекет башчысы 47-абакта отурат. Буга чейин Жаза аткаруу кызматы бул абак жана СИЗО-1 жоюлуп, абактагылар башка атайын мекемелерге которулуп жатканын билдирген.

«Мени 8-абакка жөнөтүүнү сурандым. Ал жактан мага карата мыйзамсыздык азаят. Бирок, алар мени кайда жиберсе, мен ошол жакка бара берем», — деп комментарий берди Атамбаев.

Атамбаевдин айтымында, башка абактагылар ага урмат-сый менен мамиле кылышат. «Алар мен үчүн балдардай. Ал «бул спектаклдин баары» 7-апрелге туш келгенин айтып, Бакиевдерге жагуу үчүн болуп жатат», — деп кошумчалады ал. ИК-8 Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан.

Яндекс.Метрика