Атамбаевди кармай албаган Курманкулов генерал-майор наамын алды
Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору наамы берилди. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Kaktus.media редакциясына бул тууралуу анын жакындары кабарлашкан.

Алардын айтымында, кечээ, 5-мартта мамлекет башчысы Садыр Жапаров ИИМдин генерал-майору Самат Ажыгулович Курманкуловго кезектеги чинди берүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын 7-августунда Алмазбек Атамбаевди суракка мажбурлап алып баруу үчүн анын Кой-Таштагы үйүнө кыргыз армиясынын дээрлик жарымы барган. Экс-президенттин тарапташтары аларды таш менен уруп кууп жиберишкен. Ошондо Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун башына таш тийген. Ага эки жолу операция жасалып, бирок комада калган. 12-августта Курманкулов Москвага дарыланууга жеткирилген. Эми ал өз алдынча сүйлөп, баса баштады.
Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Самат Курманкуловго «Эрдик» медалын Москвадагы ооруканалардын биринде тапшырган.