Жаңылыктар

Атамбаевдин үйүнө спецназ барып кармап кетти

Саат 16:30га карата экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө спецназ кирип барды. Операциянын жүрүшүндө Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбеков жана Алмазбек Атамбаев сакчылары менен кармалды. УКМК билдиргендей Атамбаевдин жакындары кармалган жок, анын жан сакчылары менен өзү кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Атамбаев жана анын сакчылары 9-октябрда башаламандык уюштурган деп айыпталууда.

Атамбаев 9-октябрь күнү элди чогултуп Ала-Тоо аянтына барган. Ал жакта Садыр Жапаровду колдоп келген эл менен башаламандык орун алган. Жыйынтыгында 5 адам жабыркаган. «Ата мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев менен Темир Сариев оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Маалыматты УКМК тастыктады.

Яндекс.Метрика