Жаңылыктар

Атамбаевдин кызы Алия чачын сарыга боёп өкүнүп калганын айтты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өзүнүн чачына жасаган эксперимент тууралуу айтып берди. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:

Кечээ аптекадан чач боёочу каражатты көрүп, ачык түскө боёлгон чачтарымдын учтарын эстедим. Бул ачык түс мени кыжырданта баштаган. Кара түс эле жакшы болчу.⠀

75 сомдук боёутун баасына көз жумуп сатып алдым. Түнкүсүн балдар уктап жатканда кооптуу жөрөлгөнү баштадым. Таң калыштуусу, бир долларга жетпеген баа үчүн боёк абдан жакшы болуп чыкты. Ичинде мээлей жана чач бальзамы да бар экен.⠀

Бир кемчилиги чачын түсү таңгактын сыртындагыдай болуп чыгат деген кепилдик жок. Ал эми салондо албетте, ар бир тал чач кылдаттык менен боёлот, андыктан акчаны үнөмдөбөй мастерге барганыңыз оң. Бирок мага эч кандай тоскоолдук болгон жок. Сары чач менен бир мүнөт да болгум келген жок. Аягында менин чачым бир аз кызгылт болуп калды. Бирок бул мени тынчсыздандырбайт. Баары бир кыйла жакшыраак. Жыйынтыгы менен аябай канааттандым. Чач боёого болгон мамилеңиз кандай?

Яндекс.Метрика