Дүйнөдө Жаңылыктар

Аткылоого туш болгон. Украинада 26 жаштагы дагы бир кыргызстандык каза болду

14-мартта Украинанын Харьков облусунун Изюм шаарында согуштук аракеттердин жүрүшүндө каза болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балта шаарына жеткирилди. Ал 1996-жылы 26-мартта төрөлгөн. Маркум Орусия жарандыгын алган теги кыргызстандык экени белгилүү болду.

Туугандарынын айтымында, Рустам Изюм шаарындагы аскердик операцияга өзүнүн 12 аскер бөлүгүнүн курамында катышкан. Рустам Зарифулин командир болгон. Колонна Изюм шаарын тазалоого бара жаткан. Колоннада биринчи болуп танктар жана бронетранспортерлор бараткан.

Алардын биринде Рустамдын отряды болгон. Алардын колоннасына аткылоого кабылган. Рустам менен бирге болгон контракттык аскер кызматкерлери баары каза болушкан. Анын атасы билдиргендей Рустам анын жалгыз уулу болгон. Ал 26 жашка чыкмак.

«Ал абдан камкор уул, бокс боюнча спорт чебери болчу. Аскер болууну кыялданчу. 2016-жылы Свердлов районуна барып, аскерге милдеттүү болуп, андан кийин 5 жыл контракт боюнча аскер кызматкери болгон. Бул мөөнөт аяктагандан кийин келишимди дагы 5 жылга узарткан», — дешти туугандары.

Рустам Зарифулин Кыргызстанга 2022-жылдын январь айында эс алууга келген. Ал апасын Орусияга алып барып операция жасатууну убада кылган.Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-мартта Жайыл районунда болот.

Мурдараак маалымдалгандай, Дорбоев Эгемберди Бекказымович Украинадагы согуштук аракеттер учурунда каза болгон. Норильск шаарынын мэри Дмитрий Карасев жазгандай, ал 2021-жылы күзүндө аскерге чакырылып, андан соң келишим түзүп, Россия Федерациясынын Белгород облусунда өзүнчө чалгындоо батальонунда кызмат өтөгөн.

Яндекс.Метрика