Жаңылыктар

Аттокуров: Кыргызстан Орусияга кошулушу керек!

Кыргызстан Орусиянын курамына кошулуу мүмкүнчүлүгү кез-кези менен талкууланып келет. Бул жолу кыргыз диаспорасынын төрагасы, Кыргызстандын Орусиядагы экс-элчиси Раимкул Аттокуров Pravda.ru порталына берген видео маегинде билдирди.

«Азыр көп кыргыздар Орусиянын курамына кирүүнү каалайт, учурда Кыргызстанда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат. Негизи бизди тарыхый тагдыр бириктирип турат. Бул албетте бат боло турган иш эмес, убакыт керек, келечекте бирге болобуз деген үмүттөбүз», – деди Аттокуров.

Раимкул Аттокуровдун кыргыздар Орусияга кошулгусу келет деп элдин атынан айтып салганын интернет колдонуучулары нааразычылык пикирлерин айтышууда. Чын эле өлкөбүздө ушундай сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы белгисиз. Анын правда.ру сайтына берген маегин бул жерден көрө аласыздар.

Яндекс.Метрика