Жаңылыктар

Атыр Абдрахматова БШКдан кетти

Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова жумуштан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына мындай деп жазды:

«Кымбаттуу кыргыз элим, туура түшүнүп, туура кабыл аласыңар, колдойсуңар деп ишенем! Мен жөнөкөй кыргыздын кара кызы болгом, болом, боло берем! БШК толук курам тазаланыш керек, мыйзамдуу жол менен. Элимдин талабы бийликтин #жанылануу су, бысмылда деп, БШКда мен баштадым. Мен да идеалдуу эмесмин, катачылык бар, билип билбей бирөөнү таарынтсам, же ката кетирсем кечирим сурайм! Жоопкерчиликтен качкан эмесмин, качпайм дагы. Ар бириңерге жылуу сөзүңөр үчүн, колдооңор үчүн терең ыраазычылык билдирем! Биздин ийгиликтер дагы алдыда! Элиме дагы кызмат кылып, көп жакшы жеңиштер буюрса болот! Жаратканым ар бирибизди, элибизди, мекенибизди колдосун!»

Яндекс.Метрика