Гороскоп

Август айына жылдыз төлгө

2020-жылдын август айына астро төлгө.

Токту.  Август айында жеңил желпиликти таштап,  маанилүү пландарды ойлонуу керек. Бул айда олуттуу чечим алсаңыздар ал кийинки жашооңуздар үчун чоң мааниге ээ. Бул айда мурда кетирген күнөө-каталыктарды жууш үчүн көп жакшы иштерди жасоого тийишсиңер. Иш жаатында жумуш жайбаракат жүрөт. Жумуш кылууга көңүл чаппайт. Акчага сак болуп, ири суммада карыз берүүгө болбойт.

Букачар.  Жумуш артынан жаңы жумуштар табылып бул айда кара жанын карч урушат. Жаңы өнөктөштөр менен иш алпарууда чыдамкай болуу керек. Иш алдыга жылып, чыгармачыл энергияңар ашып-ташат. Айдын аягында ден соолукка көңүл буруу зарыл.

Эгиздер. Бул айда эгиздер жеке кызыкчылыгына башка бирөөлөрдү  пайдалануу жагын көздөшөт. Бирок, алардын бул пландары ишке ашпай, аягы көңүл калуу менен аяктайт. Чыр-чатактуу иштерге аралашкысы келбеген эгиздер августта жалаң ден соолукту чыңдоого көңүл буруп, текшерилүүдөн өтүүлөрү керек.

Бөйөн.  Жоро-жолдоштордун иштерине аралашпай, жеке жумуштарды бүтүрүп алуу жагын ойлоңуздар. Оюн-күлкүгө көп алаксыган чаяндарды үй бүлөдө чыр-чатак күтөт. Андыктан ай ичинде өзүңүздүн тартибиңизди көзөмөлдөп, өзүңүзгө жана үй бүлөңүзгө пайдалуу иштерди жасаңыз.

 Арстандар  Чыр-чатактуу иштерге көп кабылышат. Достор менен мамиле начарлайт, ага арстандар күнөлүү. Бирок каталыгын мойнуна алгысы келбеген арстандар  чоң жаңылыштыкка барышат. Финансы маселесинде талаш-тартыштар жаралат. Ай башында арстандар эски карыздардан кутулууга мажбур болушат.

Бийкечтер Бул айда эс алуу, тууган-туушкандардын иштери менен алек болушат. Акча жагынан маселелер жаралса жакын туугандар жардамга келишет. Айдын ортосунда саякатка чыгуу менен көңүлдүү эс алууга шарт түзүлөт. Сыркоологон бийкечтер  ай ичинде дарылануудан өтүүлөрү керек.

Таразаларга  Жумуштан бошоп, көл боюнда эс алууга убакыт табылат. Көпчүлүк таразалар августта жаңы сүйүүгө кабылышат. Ишкер таразалар  эң оор маселелерди колго алып, жетекчилик кызматтарга иштей башташат. Чыгармачыл таразалар ишинен баар таап, алкышка арзышат. Ай ичинде көз көрүүсү начарлаган таразалар көз доктурга кайрылышат.

Чаян. Майда-барат жумуштарды бүтүрүп, чоң ишенимге арзыган  чаяндардын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачылат. Август айында чаяндар өмүрлүк түгөйүнө жолугушат. Канчалык иштесе да канагат албаган чаяндар жаңы ишкердикти колго алууну ойлоно башташат. Эс алуу учурунда чаяндар курт кумурскалардын чагуусунан сактануулары абзел.

Жаачы. Кыялдар дайыма эле чындыкка айлана бербейт. Жумуш абдан көбөйөт, андыктан жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө туура келет. Жумуштун көптүгү зыян эмес, киреше алып келет. Ай ичинде ден соолукту чыңдоого убакыт бөлүү зарыл.

Текечер. Чоң суммадагы ири киреше күткөндөр эс алууну жыйыштырып иш менен гана алек болгону дурус. Эл менен иштеген текечерлер ызы-чуулу иштерден тажап, жалгыздыкты самашат. Бул айда ачкачылык менен айыгам деген текечерлер ашказан илдеттерине чалдыгуу коркунучу туулат.

Суу куйду. Тобокелчи тоо ашат дегендей тобокелге баш байлап, маанилүү чечимдерди дароо кабыл алуу зарыл. Мурда өнөктөшүнө кандай мамиле жасаса так ошол абал эми суу куйдунун башына түшөт. Жетекчилик менен түшүнбөстүк мамилелер жаралат, кырдаал курчуп кетиши ыктымал.

Балыктар.  Жумушта балыктарды ийгилик коштойт. Эс алууга караганда иш жакшы рахат тартуулайт, ага карабай үй бүлөсү, жоро жолдошу менен эс алууга чыгам деген балыктар спирт ичимдиктерин ичүүгө болбойт. Себеби, боор ооруулары козголушу күтүлөт.

Яндекс.Метрика