Авто кырсыктан Рысбек Акматбаевдин ата-энеси каза болду
Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Маалыматты Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул мурдагы кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин ата-энеси экенин жана алар Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан каза болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
4-октябрь күнү эртең менен Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаа Чолпон-Ата шаарынан Балыкчыга бара жатканда айдоочу рулду башкара албай калган, натыйжада унаа оодарылып кеткен.
Унааны 1937-жылы туулган Абдымалик Акматбаев башкарып бара жаткан. Салондо анын аялы — 1940-жылы туулган Сабира Содалиева болгон.