Жаңылыктар

Автобуста мушташып, жүргүнчүнү бычактап салган адам кармалды

Бир күн мурун автобустун жүргүнчүсүн көкүрөк тушуна бычак сайган Аламүдүн айылынын 33 жаштагы тургунуна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

«Тергөөнүн версиясы боюнча, кол салган Ж.Ж. Жүргүнчүнүн коомдук транспорттогу жүрүм-туруму тууралуу айткан сөзү жакпай калган. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон», — деп маалымдалат.

Маалым болгондой, жабырлануучуга Чүй облустук ооруканасында жардам көрсөтүлгөн. Ага келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.

Эске салсак, окуя кечээ ГЭС-2 аймагында болгон. Автобуста эки жүргүнчү мушташа кеткен. Анадагы жүргүнчү башка жүргүнчүнү өзүн туура эмес алып жүргөнү тууралуу эскертүү айткан. Анын эскертүүсү жакпай калып, мушташ башталган.

Яндекс.Метрика