Кызыктуу

Автобуста жаш кызга тийишип жаткан масты эч ким кой деп койгон жок

Жагымсыз окуя менен бөлүшкүм келет. Бүгүн автобуста мас киши жаш кызга тийишти. Баары карап турушту, аялдар, эркектер, балдар жана кыздар. Бирок аны эч ким, такыр эч ким кой деп койгон жок. Ал киши колдору менен кызды кармалап бетине жакын келип ар кайсыны айтып кыйкырып жатты, бардыгы унчукпай карап турушат.

Кыз жаман абалда болуп, эмне кыларын билбейт жатты. Биздин коом ушунчалык эки жүздүү экендигинен ушунчалык жийиркендим. Эмне үчүн чирип жатабыз? Интернетте баардыгы баатыр, кыйын болуп ар бир сөзүңө жооп беришет! А чыныгы жашоодо кана, бир сөз айта алышпайт.

Бул жагдай жаш кыздарга карата кысым көрсөтүү гана эмес, эң башкысы, кайдыгерликти көрсөттү. Бул биздин жүзүбүз, улуттун жана өлкөнүн жүзү. Ушундай адамдарыбыз болгондо биз кантип өнүгөбүз!? Эмне үчүн биз бардыгыбыз депутаттарды жалгыз күнөөлөйбүз?

Биздин КЕЛЕЧЕГИБИЗ элден көз каранды, биз өзүбүздү ушундай алып жүрсөк кантип оңолмок элек? Өнүккөн өлкөлөрдө мындайга жол берилбейт, ал тургай жеке мейкиндикти бузуу этикага туура келбейт.

Коом чирип баратканын көрүп өкүнөм. Ар ким өзүн гана ойлойт. Эртеби-кечпи биз жок болобуз, болгону биздин ата-бабаларыбыздын эрдиктери калат. А бизден эмне калат? Дүйнөнү өзгөрткүң келсе, өзүңдөн башта. Шаар тугуну

Яндекс.Метрика