Аял менен эркектин урушу жүрүп бараткан унаанын үстүндө уланды
Социалдык тармактарда жүрүп бараткан унаанын үстүнө чыгып алып жол кырсыгына кабылган кишинин окуясы талкуу болууда. Жаңжалдан кийин аял жашынууга аракет кылып, унаасын тыгын болгон жолго айдап кеткен, ал эми эркек киши унаанын үстүндө болгон. Окуянын видеосу интернетте тарап жатат.

Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз.
Видеодо аялдын унааны чукул буруп кеткени, кырсыктын алдын алууга мүмкүн болбогону көрүнүп турат. Эркек унаадан учуп түшүп, үйдүн дубалын сүзгөн. Машина мамыны сүзгөн.
Кагылышуудан кийин аял машинадан чуркап чыгып, качып кете баштаган, ал эми эркек аны кууп жетүүгө аракет кылган. Жолдон бир киши аялды кармап алып сабап баштаган.
Ал кишини окуянын күбөлөрү токтотушкан. Мунун баары кандай аяктаганы белгисиз.