Дүйнөдө

Аял тосмого илинип калып түнү бою турган. Ал суукка тоңуп каза болгон

Тосмого асылып тоңуп калган аялдын денесин таң эрте табышкан. Кошуналары анын кыйкырган үнүн угушкан эмес. Маркум түнү бою асылган боюнча турган. Окуя Башкырстандын Деме айылында болгон.

Аялдын кимдир бирөөдөн качып келатып тыгылып калганын болжолдошууда.

Учурда тергөө алдындагы текшерүү жүрүп жатат. Окуя болгон жер каралып, экспертиза дайындалды. Азырынча кылмыштын белгилер табыла элек.

Яндекс.Метрика