Жаңылыктар Кызыктуу

Аялдын күйөөсү келип калган. Терезеге такалып калган эркектин окуясы

27-апрелде Бишкек шаарындагы Улан-2 кичи районундагы батирдин терезесинин торуна кыпчылып калган киши куткарылганы маалымдалган.


Көп өтпөй Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын айтты. 2021-жылдын 19-мартында жаран А.Т. аттуу жаран Д.Ч. аттуу адамга чара көрүп берүүнү суранып милицияга кайрылган.Анда анын 7-апрель көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине мыйзамсыз киргенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 21-апрель күнү Октябрь РИИБинин кызматкерлери Д.Ч. аттуу жаранды кармап келип, андан соң эч жакка кетпөө милдеттенмеси менен коё берилген.

Ошондой эле ал жарандын катышуусундагы эки кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы аныкталган.
«Сурак учурунда шектүү аталган батирде мурда расмий түрдө ажырашып кеткен аялы С.А. менен жашагандыгын көрсөткөн.

Ажырашкан аялы менен турак жай боюнча маселелерди сүйлөшүп жатканда анын учурдагы жашап жаткан күйөөсү келип эшикти тыкылдаткан, шашып калган мурдагы жолдошу терезеден чыгып кетүү аракетин көргөн.», — деп жазылат маалыматта.

Яндекс.Метрика