Жаңылыктар

Аялы, балдары менен тамактанып отурган милиция кызматкерин сабап кетишти

Чүй облусунун Сокулук районунда тамактануу учурунда милиция кызматкери токмоктолду. Окуя 13-октябрда саат 15:30дар чамасында болгон.

Маалыматка ылайык ал Чүй облусунун ички иштер бөлүмдөрүнүн биринде иштейт. «Мен эмгек өргүүсүндө болгондуктан, кош бойлуу жубайым (кош бойлуулуктун 8-айында), сегиз жаштагы кызым жана беш жашар уулум менен чогуу шаар тарапка бара жатканбыз.

Сокулук районуна жетип, ашканалардын биринен тамактанууну чечтик. Ал жерде жашы 50дөн ашкан эки киши спирт ичимдигин ичип отурган. Бир маалда алар ашканада аял жана кичинекей балдар бар экенине көңүл бурбай, катуу сүйлөп, орой сөздөрдү сүйлөй башташты. Сөгүнбөөнү жана кичинекей балдардын алдында өзүн кадимкидей алып жүрүүнү сурандым. Алардын бирөөсү «Сен кимсиң? Бизге акыл үйрөтпө, деп нан алар орундарынан туруп келишти. Мен алар менен көчөгө чыгайын десем, бирөө менин футболкамды тартып алып, айрып, күч колдоно баштады», — дейт милиционер.

Андан ары жабырлануучунун айтымында, алардын тегерегине күбөлөр чогула баштаган. «Кайдан экенин билбейм, бирок бир жигит (ушулардын биринин уулу) мени башыма уруп, анан жерге куладым. Милицияга телефон чалып, окуя боюнча кабарлагандан башка айла жок болчу.

Мен чөнтөгүмдөн уюлдук телефонумду алып чыгайын десем, алар телефонду алып качып кеткиси келди. Алар окуя болгон жерден кетпеши үчүн мен алардын машинесинин жанында турдум. Натыйжада, мен капотко жармашып алдым, андан кийин алар мени машинага сүйрөп, колумду сыйрып салышты», — деди милиция кызматкери.

Окуянын күбөсү ал жолдо баратканда чырдашкан эркектерди көргөнүн айткан. Эл ошол жерге чогула баштады. «Мас адамдар белгисиз жаранга жабышып, сөгүп кетишкен. Алар улгайган адамдар экен, түшкө жуук, мас болуп калган. Алар көйнөгүн айрып салышты. Чынын айтсам, улуу муундун мындай жоруктарын көрүп уялдым», — деди окуянын күбөсү.

Яндекс.Метрика