Окуялар

Ажырашкан күйөөм чалып нике шакекти сурап жатат. Ал мени хиджабчан кызга…

Салам, сиздердин кеңешиңиздер мага абдан керек болуп жатат. Анда окуя башынан болсун. Биринчи турмушум менен 2008-жылы ажырашкам, бир балам бар. Арадан көп убакыт өтүп Москвада иштеп жүрүп квартирада чогуу турган бир жигит менен таанышып калдым.

Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп былтыр февраль айында турмуш курганбыз. Тийгенден кийин билдим эки аял менен ажырашып экөөнөн тең балдары бар экенин. Анысына да макул болдум, тырышып жашап кетейин деп.

Менин көзүмчө аялдары чалат, алар менен кадимкидей сүйлөшөт. «Сүйлөшпө жакын болуп кетесиң, сенин өзүңдүн үй-бүлөң бар, балдарыңа акчалай жардам берип балдарыңдын өзүнө чалып сүйлөш» десем чыдасаң жаша болбосо жогол деди.

Ага да макул деп көндүм, боюмда болбой жүрдү, дарыланалы десем «айып менде эмес сенде» деп мени айыптап жүрүштү. Даарылаткан жок, төрөбөс деген атка кондурушту. Айлыгымды алып колуна карматам бербесем чоң уруш болот эле, ушинтип жүрүп сентябрь айында ажыраштык.

Эми ушунча убакыт өткөндөн кийин кайра чалып «жолгуалы» деди. Макул деп жолуктук. Баарын күткөм, бирок, мындайды күткөн эмесмин. Ал «нике шакекти бер ал мага керек болуп жатат» деди. Эмне дешти билбей калдым, шакек жанымда эмес болчу. Ошондон бери күнүгө чалып жатат «шакекти бер» деп.

Эмне кылсам деп ойлонуп жатам. Аялдарынын айынан канча уруп согуп жүрдү, баарына чыдагам өтүп кетет деп сабыр кылып жашагам. Акыры сентябрь айында жумушка кеткенимде кийимдерин алып «мен жашабайм болду» деп бир тыйынсыз таштап кетип калган. Мен ыйлап-сыктап калып калгам. Эми минтип кайра пайда болуп шакекти сурап атат. «Эмнеге кетип калдың менин эмне күнөөм бар?» десем «апамдар хиджапчан кыз таап коюптур 2000-жылкы.

Ошого үйлөнөм деп кетип калгам» деди. Азыр кудайга шүгүр, жакшы ишке кирип өзүмө келип акча топтоп жакшы жашап калдым. Кайра эми минтип чалып жатат күндө, «шакекти бер керек болуп жатат» деп. кеңешиниздерди бериңиздерчи. Шакекти берип салып тынч жашасамбы?

Яндекс.Метрика