Жаңылыктар

Азимжан Аскаров түрмөдө каза болду

2010-жылдагы Ош окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров каза болду. Бул маалыматты укук коргоочу Азиза Абдрасулова жана анын жактоочусу Валерьян Вахитов тастыктады.

Алардын айтымында Азимжан Аскаров бүгүн түндө №47 түзөтүү абагынын ооруканасында көз жумган. Ал узак убакыт бою катуу ооруп жүргөн жана андан пневмония оорусунун белгилери дагы аныкталган.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы Июнь окуясында баш аламандык уюштурган деп табылып өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөсүн моюнуна албай келген.

Яндекс.Метрика