Жаңылыктар

Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанга жиберилет

Өмүр бою эркинен ажыратылган Кыргызстандын жараны, укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанга коюлат. Бул тууралуу «Бир дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, маркум Азимжан Аскаров каза болуп калсам сөөгүмдү Өзбекстанга алып барып койгула деп акыркы керээзин айтып кеткен. Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде, анын сөөгү Өзбекстанга жөнөтүлөт. Азимжан Аскаров Ош окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Ал 25-июлда №47 түзөтүү абагынын ооруканасында узак оорудан каза тапкан. Андан пневмония ооруусу аныкталган. Бирок ал дарылануудан баш тартып каршылык кылган. Ага карабастан аны күч менен абактын ооруканасына алып келип дарылашканда ал коюлган капельница ийнелерин кайра-кайра жулуп салып турган.

25-июль күнү эртең менен зордоп тагылган жасалма дем алдыруучу аппаратын чечип колундагы ийнелерди жулуп таштагандан кийин бир сааттан соң о дүйнөгө кете берген…

Яндекс.Метрика