Видео Дүйнөдө Спорт

Азия чемпиондугунда кыргыз мушкери тажикстандык спортчуну тээп салып дисквалификация болду

Ташкентте (Өзбекстан) 22 жашка чейинки боксчулар арасында 2022-жылы өтүп жаткан Азия чемпионатынын экинчи күнүндөгү беттеш кыргыз мушкеринин дисквалификациясы менен аяктады.

Бул тууралуу Sports.kz билдирди. 57 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалдык беттеште кыргызстандык мушкер Жакшылык Тилек уулу менен тажик мушкери Хусравхон Рахимов рингге чыгышты. Биринчи раунддун 40-секундунда кыргызстандык атаандашын тээп, ал үчүн калыстын чечими менен бир упайдан ажыратылды.

Үч мүнөттүк убакыттын соңунда спортчулар жакын кармашта беттешип, гонгдон кийин Жакшылык Тилек уулу Рахимовго сокку уруп жиберди. Арбитр 2-раунддун алдында эреже бузуучунун дисквалификациясына байланыштуу беттешти токтотуп, жеңишти Тажикстандын өкүлүнө ыйгарууну чечти. Жакшылык Тилек уулу көз жашын тыя албай, өкүм жарыялангандан кийин атаандашын бир аз түртүп жиберди.

Видео:

Яндекс.Метрика