Азият Жекшеев: Акыл эстүү адам Садыр Жапаровду президент катары тааныбайт
Мындай пикирин журналист Азият Жекшеев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

Текст өзгөртүүсүз берилди:
«Жапаровчулар эмне кыларын билбей обу жок каралоого өтүштү))Биринчиден мен эч качан гей-парадка чыккан эмесмин! Андай жерге чакырык келсе да чыкпайм кабатыр болбогула. Ал эми эмнеге Матраимов? Анткени ошонун акчасына баардык кыңыр иштер, жада калса жапаовчу фейктердин айлыктары берилип келет. Эмнеге Жапаровго каршымын?
Анткени өзүн хан жарялап алган киши кадр саясатын жаңылануу үчүн эмес бийлигин бекемдеш үчүн гана жасап жатат. Ал эми таңуулап жаткан «ханстутициясы» по факту жашап келген супер-президенттик башкарууну мыйзам менен бекикени жатат.
Садыр Жапаров ту эл колдойт деп жаңыласыңар! Анткени бир уч адам гана колдойт. Акыл эстүүлөр аны Президент катары тааныбайт. Мен өзүмдүн баардык аракетимди узурпация жолунда бараткан бийлике каршы жумшайм. Жана бул жалган бийликтин мөөнөтү дагы алыска барбайт экенин эсиңерге салам!»