Саясат

Азыркы 120 депутаттын 85и кайра аттанып жатышат

Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алуудан келишип кайра 2 күндөн кийин тарап кетишти. Анткени алар кийинки шайлоого даярданышат, баары аймактарга үгүт иштерине кетишет. Мына ушундай негизде алар тарап кетишти. Анткени азыркы 120 депутаттын 85и кайра даярданып парламентке келгени жатышат. Алардын көбү “Биримдик” партиясына чогулушкан.

Дээрлик 70 пайызды түзгөн “эскилер” кайра депутат болуп келишсе өлкөбүздө бир өзгөрүү болот деп ишенесизби?

Кайсы партияда канча депутат бар?

“Биримдик” 29

“Кыргызстан” 15

“Мекеним Кыргызстан” 13

“Республика” 7

“Ата-Мекен” 7

“Социал Демократтар” 5

“Замандаш” 5

“Мекенчил” 2

“Бир бол” 2

Кайсы партияларда депутаттар жок?

“Ыйман нуру”

“Чоң казат”

“Ордо”

“Реформа”

“Мекен ынтымагы”

“Авганчылар”

Шайлоого 1 ай калды ойлонуп добуш берели..

Яндекс.Метрика