Спорт

Бүгүн кыргыз мушкери Канат Келдибеков Москвада беттешке чыгат

Бүгүн, 6-ноябрда кыргыз мушкери Канат Келдибеков «АСА 113» турниринин алкагында Москва шаарында беттешке чыгат. Бул турнирде «Тайсон» каймана ты менен таанымал Канат Келдибеков орусиялык мушкер Александр Матмуратов менен беттешет.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00до башталат.

Тажрыйбалуу 31 жаштагы Александр Матмуратов өзүнүн карьерасында жалпы 14 беттешке катышса, анын 9унда жеңүүчү аталып, 5 жолу жеңилген. Канат Келдибеков жалпы 20 беттеш өткөрсө, анын 15инде жеңүүчү аталып, 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Алар 66 кг салмактагы мушкерлер.

Яндекс.Метрика