Жаңылыктар

Бүгүн Садыр Жапаров менен Өмүрбек Бабанов жолугушат

Бүгүн, 10-февралда президент Садыр Жапаров менен Өмүрбек Бабанов жолугушат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Азырынча эмне жөнүндө сөз болору белгисиз.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо талапкерлигин койбой, Садыр Жапаровду колдой турганын билдирген.

«Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабасын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм», — деп жазган билдирүүсүндө.

Яндекс.Метрика