Жаңылыктар

Бабанов абактан бошотулуп чет өлкөгө дарылануу үчүн кетет

«Кумтөр иши» боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы ден-соолугунун начарлашына байланыштуу өзгөргөн. Ал чет өлкөдө дарыланат.

УКМК Бабанов шектүү деп эсептелген «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, бардык кылмышкерлерди аныктоого жана жоопко тартууга багытталган чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Өмүрбек Бабановду Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 31-майда «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга айыптап камакка алган. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө Бабановдун күнөөсүн далилдеген айныгыс фактылар табылганын билдирген.Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин абсурд деп келет.

Яндекс.Метрика