Бабанов атканасы өрттөнүп кеткени тууралуу билдирүү калтырды
Толугу менен Бабанов
Буга чейин интернетке Өмүрбек Бабановдун атканасы өрттөнүп жатканы тууралуу видео тараган. Бул боюнча Бабанов билдирүү калтырды.

«Менин атканамда болгон өрт тууралуу маалыматтар таркай баштады! Бул маалымат ар башкача чечмеленип, ар кандай божомолдор жаралып жатат. Андыктан бул факт боюнча билдирип коюуну чечтим.
Өрт 4-февралда түшкү саат 13:25те болгон, бул тиричиликке тиешелүү окуя.Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Сизден эрте тыянак чыгарбоону суранабыз. Ыракмат! Мени колдогон сөздөр үчүн тынчсызданган адамдардын бардыгына ыраазычылыгымды билдиргим келет. Өрт өчүрүү кызматына ыкчам келгендиги үчүн ыраазычылык билдирем!»-деп жазылат маалыматта.