Жаңылыктар

Бабанов дарыгерлерге 5 миллион сом жардам берет

Өмүрбек Бабанов медицина кызматкерлерине беш милилон сом акчалай жардам берет. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, дарыгерлерибизди кызматтык күнү менен чын дилимден куттуктап кетким келет!
Биз баарыбыз сиздерге таазим кылабыз!

Кыргызстандыктарга болгон боорукердигиңиздер, камкордугуңуздар үчүн ыраазычылык билдирип, мен келе жаткан жумада 5 000 000 сомду дарыгергердин өз эсептерине которуп берем. Орточо эсеп менен 700-800дөй медкызматкерлери алат, анын ичинде дарыгерлерге 10,000 сомдон жана медайымдарга 5,000 сомдон болот.

Учурда мекемелерди жана тизмелерди аныктап жатабыз, бул дагы такталат, бирок төмөнкү беш бейтапкана дагы тизмеде:
• Улуттук госпиталь;
• Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
• Улуттук фтизиатрия борбору;
• Улуттук онкология жана гематология борбору; жана
• Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы.

Бизнес дагы оор абалга кабылганына карабастан, элибиз муктаж болгон учурда жардамдарын аябаган Ишкерлерге чоң ыракмат.
Баарыбыз биригип, коронавирус аталган ылаң чуманы жеңип чыгайлы!
Азыр бири-бирибизди же башканы сындай турган убакыт эмес, азыр бир жакадан баш чыгара турган убакыт!

Бул апаатты сөзсүз жеңебиз.
Бардыгыбызга чың ден-соолук жана узак өмүр берсин!

Яндекс.Метрика