Видео Кызыктуу

Бабановдун машыгып жаткан видеосу кайда тартылганы белгилүү болду

Өмүрбек Бабановдун спорт залдагы машыгуусунун видеосу интернет колдонуучулары тарабынан таркатылып жатат.⠀

Көпчүлүк колдонуучулар кадрлар УКМКнын СИЗОсунда тартылган деп божомолдошкон. Ошондой эле, колдонуучулар анын жакшы физикалык формасын белгилешкен.⠀

Чындыгында видео Бабанов камакка алынганга чейин эле анын үйүндө тартылган. Кадрлар жеке машыктыруучу Егор Шнайдерге таандык экени белгилүү болду.⠀

Эскерте кетсек, Бабанов 31-майда «Кумтөр» иши боюнча УКМКдагы сурактан кийин кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бабановду эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу чечимин кабыл алган. Бабанов ачык кат жазып, анда «сот тутумунун мыйзамсыздыгы» айтылган.

Видео:

Дагы оку:

Яндекс.Метрика