Жаңылыктар

Бабановго карата кылмыш иштери жокко чыгарылды. Ал 100 миллион сом төлөйт

Өмүрбек Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш токтотулганын 24-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө ылайык, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты жана президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго жана ага байланышкан коммерциялык түзүмдөргө карата прокуратура жана тергөө бөлүмдөрү тарабынан мурда козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, “мыйзамга негизделген процессуалдык чечимдер” «Бабановдун жана анын жакындарынын иш-аракеттери менен мамлекеттин, юридикалык жактардын жана жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирүү фактыларынын жоктугуна» байланыштуу кийинки сот өндүрүшүн токтотуу үчүн кабыл алынган.

Ошондой эле УКМК Бабанов менен 100 миллион сом өлчөмүндө каражатты мамлекеттик бюджетке «колдоо иретинде» өз ыктыяры менен которуу боюнча келишим түзүлгөнүн белгиледи.

Буга чейин Бабанов УКМКга сурак берүү үчүн бир нече жолу чакырылган. Мурунку премьер-министр кандай кылмыш иши козголгонун ачыкка чыгаруудан баш тартты. Ал тергөөнүн купуялуулугуна токтолду.Ушундай сурактан кийин Бабанов Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда козголгон кылмыш иштери «эски» деп айткан.

Яндекс.Метрика