Окуялар

Бага албаган кыргыз эркектерге тийгим келбейт. Алар…

Кыргызстанды чоңдор жеп бүттү. Эч нерсе калган жок. Балдардын келечеги да жок. Беш жыл мамлекеттик кызматта төрт миң эки жүз сом алып иштедим. Тапканым батириме да жетпей калат. Жакшы жумушка кирейин десем, мени түртмөлөгөнгө жакшы жумушта иштеген туугандарым жок.

Кээ бир жерге резюме таштасам жетекчи менен сүйлөшкөндөн кийин эдле жумушсуз калып жатам. Жетекчи болуп иштеген эркектердин баары мени менен эс алып турсаң сени гүлдөтөм дешет. Андайга менин эрким жетпеди.
Интернет аркылуу Марк аттуу кырктан өткөн англичанин менен таанышып калдым. Ал мени Россияга чакырып жатат. Учурда ал МГУда сабак берет экен. Менден 20 жаш улуу болсо да ага турмушка чыгууга аргасыздан макул болуп жатам.

Келечеги бүдөмүк болгон Кыргызстанда калып, кыйратып бага албаган кыргыз эркекке тийгим келген жок. Балдарым башка өлкөдө тарбиялануусун каалайм. Мага окшоп айлыктан айлыкка отуруп, жарытылуу тамак алып иче албаган жашоого ыраа көрбөйм. Кыргызмын бирок кыргыздан келечек көрө албай жатам.

Яндекс.Метрика