«Бакай» банк видео боюнча түшүндүрмө берип, кечирим сурады
«Бакай » банктын маркетологу Зарема Султанбекова майрамдык иш-чарада бийлеген стриптизер тууралуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында банктын филиалдарынын биринин кызматкерлери жетекчиликтин макулдугун албастан, 8-мартка карата кече уюштурушкан. Маалыматка ылайык, окуя жумуш убактысынан тышкаркы мезгилде болгон.

“Иш-чара банктын корпоративдик баалуулуктарына жана этикасына каршы келет. Буга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр аныкталат. Аларга карата Эмгек кодексине ылайык чаралар колдонулат. Ошондой эле “Бакай Банк” бул видео үчүн кечирим сурайт жана алдыда бул сыяктуу окуялардын алдын алуу үчүн бардык аракеттерди көрөт”, — деп билдирди.
Эске салсак, социалдык тармактарда «Бакай» банкта иштеген айымдарды куттуктап жылаңач эркек бийледи делген видео тараган. Анда көпчүлүк бул кыргыз маданиятына туура келбестигин айтып нааразылыгын билдиришкен.