Жаңылыктар

Бакай Кашкарбаев мамлекеттик кызматка дайындалды

Прокурорлорду жана сотторду коркуткан активист Бакай Кашкарбаев айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун кеңешчиси болуп дайындалды. Маалыматты министрликтен тастыкташты.

Белгиленгендей, активист коомдук башталышта дайындалган. Ал расмий түрдө дүйшөмбү күнү, 26-апрелде иштей баштайт. Кашкарбаев Садыр Жапаровдун ыйлаган колдоочусу катары да белгилүү. Аны эл арасында «Бакырчаак Бакай» деп көп аташат. Өткөн жылдын күз айларында социалдык тармактарда активист ыйлап, президенттин кеңешчиси болуп дайындалышын суранган видео тараган.

Яндекс.Метрика