Бакиевден интервью алган журналист иштен кетти
Жакында эле качкын президент Курманбек Бакиевден интервью алган УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу телеканалдан кабарлашты.
Маалым болгондой, Кошалиев этика комиссиясынын ишинин жыйынтыгын күтпөй, телеканалдагы кызматынан кеткен. Ошондой эле интервью телеканалдын жетекчилигинин кабары жок жана Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганын белгилейт.

УТРК өз чыгымдарына каражат бөлгөн эмес жана мындай көрсөтүү пландалган эмес. «Кошалиев көп жылдардан бери УТРКда иштеп, ага чейин ар кандай жанрдагы берүүлөрдү тартып, автордук берүүлөрдү да чыгарган», — деп белгилейт телеканал.
Эске салсак, Бакиев менен маектешкен Кошалиев “Кыргыз Жолу” коомдук уюмунун төрагасы, Элдик Курултайдын идеясынын авторлорунун бири жана Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкан. Жакында анын Курманбек Бакиев менен болгон маеги YouTube сайтына жарыяланган.
Бул резонанс жаратып, мамлекеттик каналдын жана Кошалиевдин өзүнө карата сын-пикирлерди жараткан. Журналист өзү интервьюдан өзгөчө эч нерсе көрбөй, сапарын статс-катчы Сүйүнбек Касмамбетов менен макулдашканын, анткени ал Элдик Курултайга депутат болгонун айтат. УТРК Кошалиевге карата кызматтык иликтөө баштады.