Бакиевдер өлкөгө келе жатат. Алардын Алматыда жүргөн сүрөтү тарады
Качкын президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары Кыргызстанга келе жатышат. Бул тууралуу интернет колдонуучулары сүрөттөр менен бөлүшүп жатышат. «Жаныш Бакиев Алматыда, эртең алар Бишкекке келишет» деген аталышатгы сүрөтү интернетке тарады.
Лейла Саралаева аттуу Фейсбук колдонуучусу Жаныш Бакиевдин Алматыгы «Достук плаза» мейманканасынын лифтинен тартылган сүрөтүн жүктөдү.


Качкын президент аталган Курманбек Бакиев жакындары менен 2010-жылдагы революциядан кийин өлкөдөн чыгып кетишкен. Буга чейин Бакиев Минск шаарында жашап келген.