Жаңылыктар

Бакиевдин жубайы эмне себептен каза болгону белгилүү болду

Кыргызстандын экс-президент Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы Назгүл Төлөмүшеванын өлүмү тууралуу маалымат тарады. Төлөмүшева 2010-жылы Бакиев менен бирге өлкөдөн чыгып кеткен. Маркумдун сөөгү Кыргыз Республикасына жеткирилет.

Ага мурдагы мамлекет башчы катышабы же жокпу, азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумду акыркы сапарга узатуу аземи кичи мекенде – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Тороуз районунда өткөрүлмөкчү.

Назгүл Төлөмүшева Бакиевдин бейрасмий аялы деп эсептелген, алардын эки баласы бар. Кыргызстандык маалымат каражаттарына берген маегинде ал Бакиев менен 1995-жылы Тогуз-Торо районунун акими болуп иштегенден бери жашап келгенин айткан. Ошол эле учурда Курманбек Бакиев президент болуп турганда Татьяна Бакиева менен расмий никеде болгон. Маалыматка ылайык ал жүрөк оорусунан каза болгон.

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Курманбек Бакиев Кыргызстандан качып, Беларуста жашап калган. Бул өлкөнүн маалымат каражаттары анын Минскиде Назгүл Төлөмүшева менен чогуу жашаганын байма-бай жазып чыгышкан. Бакиевдин жубайы 2016-2017-жылдары Беларусь президентинин администрациясына таандык Минск мейманканасынын директору болуп иштеген.

Яндекс.Метрика